www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский Путин менен мамилеси тууралуу айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Times of Israel гезитине интервью берип жатып Орусиялык лидер Владимир Путин менен мамилеси тууралуу айтып берди.

Зеленский израилдик журналисттин Путин экөөнүн мамилеси кандай өңүттө өнүгүп жаткандыгы тууралуу берген суроолоруна жооп берген. Украинанын президентинин айтымында азыркы күндө Москва менен Киевдин ортосунда сүйлөшүүлөр башталды десе болот.

Путин Зеленский менен жолугушуусун баалады

Украинанын президенти Путин экөө телефон аркылуу эки  ирет байланышкан.  Бул маектешүүнүн артынан 2018-жылы Керчен булуңунда Орусия менен Украина ортосунда келишпестик чыгып, натыйжада 24 украиналык деңизчилер жана алардын кемелери Орусиянын куралдуу күчтөрү тарабынан колго түшүрүлгөн. Ошол колго түшкөндөр 2019-жылы 18-ноябрда Зеленский менен Путиндин диалогунан кийин кайтарылган.

Зеленский Путин Украина көз карандысыз мамлекет экендигине тилектеш деген үмүттө экендигин билдирди.

“Менин оюмча Путин менин позициямды түшүнөт: Украина көз карандысыз өлкө. Биздин мамлекетибиз Европадагы эң чоң мамлекет.  Ал түшүнөт деп ойлойм”,-деген лидер. Украинанын президенти Украинанын чыгышындагы кырдаал жөнгө салынат деген пикирделигин айтты.

Ошондой эле Зеленский Минск макулдашуусунун жүрүшү тездетилишине кызыкдар экендигин да жашырган жок.

Эскерте кетсек, Путин менен Зеленскийдин  алгачкы жеке жолугушуусу “норманддык сүйлөшүүлөр” алкагында декабрь айында болгон. Буга чейин менен Путин жана Зеленский экөө жеке жолугушкан эмес, бирок телефондон 4 жолу байланышкан.

Зеленский “норманддык сүйлөшүүлөр” деп Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу тууралуу Украина, Орусия, Франция, Германия өлкөлөрүнүн жетекчилеринен турган “төрттүктүн” сүйлөшүүлөрүн атайт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости