www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөндө мурда кылмыш жасап, пробация органынын көзөмөлүндө турган жаран опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-августта Өзгөн РИИБге 2008-жылы туулган И.З. аттуу жаран Н.Х. аттуу жарандын автоунаада аял киши менен отурган учурун видеого тартып алып, видеону өчүрүү үчүн андан акча талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө И.З. видеотасманы өчүрүү үчүн Н.Х. аттуу жарандан 20 миң сом талап кылганы аныкталган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2026-жылдын 22-августунда И.З. талап кылган акчанын 15 миң сомун алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, шектүү буга чейин кылмыш жасап, сот жообуна тартылган жана учурда пробация органынын көзөмөлүндө турган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Последние новости