www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен 2018-жылдын январь-декабрь мезгилиндеги соода көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 336,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2017-ж. январь-декабрына салыштырганда 8,6 пайызга өстү. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети билдирди.

Экспорттук түшүүлөр 8,3 пайызга өсүп, 158,5 млн. долларды түздү. Кыргыз Республикасынын экспортунун жалпы көлөмүндө Өзбекстан Республикасынын үлүшү 9,0 пайызын түздү. 2017-ж. январь-декабрына салыштырганда 0,7 пайыздык пунктка өсүү байкалган.

Импорттук түшүүлөр 8,8 пайызга көбөйүп, 178,0 млн. долларды түздү. Кыргызстандын импортунун жалпы көлөмүндө Өзбекстандын үлүшү 3,6 пайызды түзүп, 2017-ж. январь-декабрь деңгээлинде өзгөрүүсүз калган.

2018-жылы соода балансынын терс сальдосу 19,5 млн. АКШ долларын (ал эми, 2017-ж. январь-декабрында 17,3 млн. АКШ долларын) түзгөн.

Өзбекстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү негизинен чийки мунай заттардын (6,3 эсеге), цементтин (4,8 эсеге), таш көмүрдүн (2,2 эсеге), жылмаланган айнектин (1,9 эсеге), күрөң көмүрдүн (1,5 эсеге) өсүшү менен камсыздалган.

Ошол эле учурда экспорттук түшүүлөр негизинен электрэнергиясы -  34,0%, машиналар жана жабдуулар 18,8% болгон.

2018-жылы кошуна мамлекет менен импорттук түшүүлөрдүн жогорулашы жалпысынан алюминий жана андан жасалган буюмдардын (1,9 эсеге), мөмө-жемиш жана жаңгактардын (1,6 эсеге), желим жана андан жасалган буюмдар (22,6 пайызга), жашылча-жемиштер (15,7 пайызга) жана трикотаж кездемелери (15,2 пайызга) өсүшү менен шартталды. Ошол эле учурда импорттук түшүүлөр негизинен жер семирткичтердин (36,5 пайызга), трикотаж кийимдери (18,7 пайызга), килемдер жана полго төшөлмөлөрдүн (12,7 пайызга), ошондой эле электр машиналары жана жабдуулары (4,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости