www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Канатбек Жумаев дайындалды.
Бул тууралуу «КУЭТ» ААК маалымдады.
Жаңы жетекчини ишкананын жамаатына «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу тааныштырды.
Канатбек Жумаев 2003-жылы Ош технологиялык университетин «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» адистиги боюнча аяктап, инженер-электрик квалификациясына ээ болгон.
Ал энергетика тармагындагы эмгек жолун 1999-жылы баштаган. 25 жылдан ашуун убакыттан бери электр энергетика тармагында иштеп, электромонтёр, контролёр, инженер, инспектор, мастер жана райондук электр тармактарынын жетекчиси сыяктуу кызматтарды аркалаган.
Акыркы жылдары Ноокен жана Базар-Коргон райондук электр тармактары ишканаларын жетектеген. Бул мезгилде электр энергиясын бөлүштүрүү, керектөөчүлөрдү камсыздоо жана электр тармактарынын ишин уюштуруу багыттарында тажрыйба топтогон.
Кесиптик ишмердиги жана энергетика тармагына кошкон салымы үчүн Жумаев бир катар мамлекеттик жана тармактык мекемелердин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Ошол эле учурда 2023-жылдан бери Жалал-Абад электр тармактар ишканасын жетектеп келген Сүйүнбек Усенов өз каалоосу менен башка ишке которулгандыгына байланыштуу директорлук кызматтан бошотулду.