www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 24-29-октябрь күндөрү Жалал-Абад ШИИБне 7 адам арыз менен кайрылып, ар түрдүү суммадагы буюмдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин айтышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Алардын бири үйдө эч ким жок учурда 60000 сомдук алтын буюмдарын жана 5000 сомдук кол телефонун уурдап кетишип, жалпысынан 65000 сомдук материалдык зыян келтиришкендигин билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы жабырлануучулардын арыздарынын негизинде топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө уурулуктун натыйжасында жабырлануучуларга жалпы суммасы 170 000 сомдук материалдык чыгым келтирилгендиги такталган.
Аталган уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБнин жана Жалал-Абад ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1983-ж.т. тургуну Н.А. жана анын кылмыштуу шериги Жалал-Абад шаарынын тургуну 1991-ж.т. И.Х. кармалышып, көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы боюнча көрсөтмө беришкен. Тергөө кызматы тарабынан шектүү катарында кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg