www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад облусу боюнча жер-жерлердеги ШРИИБдерде милицияда иштеп жатып, эли-жери үчүн жанын аябай, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин аттарын алып жүргөн көчөлөрдү, мектеп, эстеликтердин айланасын тазалоо, көрктөндүрүү жана калыбына келтирүү  иштери колго алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматкка караганда, Ноокен районундагы туңгуч генерал Эргеш Алиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде, Базар-Коргон районунда 2010-жылы июнь окуясында баатырларча курман болгон Мыктыбек Сулаймановдун бюсту, анын атына коюлган милициянын аймактык бөлүмчөсү, куралчан кылмышкерди кармоодо окко учкан Анвар Махмадалиевдин атына коюлган мектепте да коомчулук менен биргеликте тазалоо иштери жүргүзүлүп, айрым жазуулары жаңыланды. Ал эми Чаткал жергесинде курман болгон кызматкерлерди жана ардагерлерди эскерүү тактайчасы сырдалып, гүлчамбар коюга даярдалды. Токтогул менен Кара-Көлдүн жамааты бул күндөрү кол куушуруп отурбастан сейил паркындагы көмүскөдө калган эстеликтердин айланасын жана өздөрүнүн имараттарын сырдашып, майрамга карата кооздогонго да үлгүрүштү.    

"Бул да болсо - милициянын тарыхында келечек үчүн из калтырып, мамлекеттин тынчтыгын жана элдин коопсуздугун ойлоп жанын берген улуу муунга таазим кылууга барабар",-деп айтылат маалыматта.

 

Последние новости