www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындайча айтканда партия бул бир ойдогу адамдардын уюму да. Бул беш байкуштан эми кайсы партия калды? Атамбаев СДПК жеке фирмасындай менчиктеп алып партияда көбү баш чайкап басып кетти. Ошол эле партия дегенде жан-дилин берип иштеген жаш активист Ринат Самудиновду кубалап салганын эстегилечи? Мындай пикирин Жаңыгүл Темир өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ага кошумча ал,"Самудинов аргасыздан Америкада күн кечирип жүрөт. Ал эми ошол Ринатка окшогон партия үчүн күйгөн канча адамдар СДПКдан чыгып кетти. Атамбаев кыйын кездерде жанында жүргөн адамдарын барктай албай аларды ордуна Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовго окшогон ууруларды артык көрүп жүрүп алды. Аягы минтип эки катын бир жаша бала менен парламенттик шайлоого катышам деп күлкүнү келтирип отурат. Айтмакчы "швеядан" чыккан Ирина Карамушкина адам өлүмүнө себепкер болгону менен моралдык жоопкерчилигин сезбей дагы деле депутат болуп парламентте жүрөт. Сүйлөсө кыргызга деле күйбөгөн балит катын. Мындайларга эл кантип ишенип добушун берсин? СДПКңардын жаназасын окуп карылыгыңарды жылуу жумшак үйүңөрдө өткөргүлө. Өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт болбой", деп кошумчалаган Жаңыгүл Темир.
Булак: NazarNews.kg