www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылга айлык акыны жогорулатуу пландалган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин үстөк акыларын кыскартуу каралууда.

«Мамлекеттик кызматкерлерге айлык акыдан тышкары кварталдын жыйынтыгы боюнча 4 сыйлык берилди. Аткаминерлердин айлыгы жогорулаганга чейин үстөк акы алардын айлыгын жогорулатуунун бир жолу болгон. Алар бонусту айлык катары карашты. Негизи сыйлык жакшы иштегени үчүн гана берилет. Эми мамлекеттик кызматкерлерге жылына 12 маяна, 13-айлык жана эки айлыктын өлчөмүндө эмгек өргүүсү төлөнөт», - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости