www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев видеобайланыш аркылуу Сокулук районундагы кыргыз-өзбек автоунаа заводунун ишине старт берет. Бул тууралуу Kun.uz сайты билдирди.

Завод расмий түрдө 18-19-июль күндөрү, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда ачыларын UzAuto департаментинин директору Рустам Бекчанов Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.

Биринчи этабында заводдо Cobalt, Onix жана Tracker үлгүсүндөгү автоунааларды өндүрүү пландалууда. Кийин өндүрүш кеңейтилип, башка үлгүдөгү унаалар да чыгарыла баштайт.

2023-жылы мартта Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды өндүрүү боюнча "Узавтосаноат", "ДТ Техник" жана "Нур" (Кыргызстан) компанияларынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.

Күн мурун президент Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга бара турганы кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости