www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активисттин айтымына караганда Алмазбек Атамбаевди жана мурунку Мамкаттоонун жетекчиси Тайырбека Сарпашевди сотко берет. Сотко берүүнун себеи болуп, биометрикалык паспортто "улут" деген графаны алып салынганы болууда. Жарандык активист Айдар Халиков өзүнүн моралдык жактан жабыркагандыгын айтып, 6 миллион сомго Аламүдүн райондук сотуна доо арыз жазды. Бул тууралуу жактоочу Шарадибин Токтосунов билдирди. Халиков жаңы чыккан паспортту алуудан да баш таркан.

Өз учурунда Мамкаттоо сотко кайрылган жаран толук маалымат билбей жаткандыгын билдирди. - Адам тууралуу бардык маалымат чипте гана жайгашкан, - дешет аталган мекеменин кызматкерлери.

Жарандык активист Айдар Халиков Өзбекистандан Кыргызстанга 2013-жылы "Кайрылман" долбоору боюнча үй-бүлөсү менен көчүп келгендиги маалым. Эске салсак, буга чейин саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Душебаев мурунку президентти да сотко беришкен. Ар бирөөсү 6 миллион сом талап кылышкан.

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

Последние новости