www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту үйлөнүү тойдо коноктун сабалышы боюнча козголгон кылмыш иштин материалын карап, чечим кабыл алды.
Айыпталуучу — Бектур (Э.А., аты өзгөртүлдү) 1996-жылы Ноокен районунун Шайдан айылында туулган, орто билимдүү, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-9-пункттары (адамдардын тобу тарабынан бейбаштык менен саламаттыкка атайылап зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучу Самат (С.А., аты өзгөртүлдү) өзүнүн таанышы Жунусбекке (аты өзгөртүлдү) өкүл ата болуу максатында Базар-Коргон районундагы кафелердин бириндеги үйлөнүү тойго барган. Саат 23:00 чамасында тойкананын артынан 2 адам (бирөөсү айыпталуучу Бектур) Саматты сабап кетишкен. Анын башына, кабыргалары тарабына тээп, денесине жаракат келтиришкен.
Айыпталуучу соттук отурумда күнөөсүн толугу менен мойнуна албастан, 2018-жылдын 6-октябрында айылдаш досу Жунусбек менен Айгеримдин үйлөнүү тоюна барганын айтат. Айыпталуучунун айтымында, ал эшикке чыкканда Самат менен Бекмамат экөөнүн урушуп жатканын көрүп калат. Самат Бекмаматты жерге кулатып, уруп жатканын көргөндө Бектур аларды ажыратмакчы болот. Бирок жабырлануучу алар бири-бирин ургулай бергенинен Бекмаматты ары алып кетишкен. Соттолуучунун айтымында, ал жабырлануучуну сабаган эмес.
Жабырлануучу Саматтын айтымында, ал өкүл баласынын үйлөнүү тоюна аялы менен барган. Ал антракт учурунда эшикке тамеки чеккени чыкканда жанына Жусупбектин досу Бекмамат келип, «200 сомдук өкүл ата, кандайсың?» деп тийишкен. Ага ачууланган Самат аны түртүп жиберип, экөө мушташа кетишкенде жанындагы балдар аларды ажыратып коюшкан. Бекмамат ага тойкананын артына барып сүйлөшүп келүүнү сунуштаган. Жанындагы балдар дааратканага басып кетишкенде, Бекмамат кайрадан мамилелерин тактоо үчүн уруш баштаганда Самат аны жерге кулатып, «кой, иним» деп тынчытат. Бирок ошол убакта артынан Бектур келип, Саматты кармап бергенде Бекмамат аны сабап баштайт. Качан гана Самат жерге кулап түшкөндө, анын бир нече жолу башына, кабырга тарабына, бутуна тепкилеп урушат. Ошол учурда бир аял: «милиция келе жатат» деп кыйкырганда алар туш тарапка качып кетишкен.
Жабырлануучунун айтымында, окуядан кийин Бектур андан кечирим сурап, милицияны кийлигиштирбей эле ортодо болгон жаңжалды өз ара чечүү максатында келет.
Жабырлануучуну үйүнө жеткиришип, бирок жаракат алгандан улам Ноокен райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылат. Бектур Самат жаткан ооруканага барып, бирок келтирилген материалдык чыгымды төлөбөй тургандыгын айтып, күнөөнү мойнуна алган эмес. Бекмамат тергөөдөн качып кеткен.
Бекмаматтын атасынын айтымында, 2018-жылдын октябрь айында ал дарыланып жаткан учурда ага аялы чалып, баласы Бектур деген адам менен күйөө баланын өкүл атасын сабап коюшуп, ал ооруканага түшкөнүн билдирген. Ошондой эле ал Самат жаткан ооруканага барып, өз ара келишели деп бир нече жолу аракет кылганда, ал баш тартып койгон. Бекмамат азыркы күндө Россияда жүргөндүгүн айткан.
Райондук сот иштин материалын кароо менен Бектурду КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-пункттары (денеге оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркиндигинен ажыратты. Ошондой эле сот 2 жылдык сыноо менен ага белгиленген жазаны шарттуу деп белгиледи, - деп жазат Турмуш басылмасы.
Булак: NazarNews.kg