www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулук Коопсуздук Кеңешинин башчысына Билим берүү жана илим министрлигинде көптөгөн мыйзам бузуу фактылары бар экендигин кароону өтүнүп жатат. Эл өкүлү Тазабек Икрамов жакында эле "Билим берүүнүн отличниги" наамы ыйгарылган. Депутат мурда Жалал-Абаддагы Дене тарбия жана спорт институтунда дене тарбия сабагынан мугалим болуп 2 жыл иштеген. Ошондой эле ушундай эле наамга Коопсуздук Кеңешинин секретары Джамира Сагынбаева татыктуу болгон.

Бузуулар боюнча юридикалык илимдердин доктору, профессор, Коопсуздук Кеңешинин ишмердүүлүгүн контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү боюнча  жумуштуу топтун мучөсү Кайрат Осмоналиев билдирүү кылды. 

- Жогорудагы эки атуул наамдарды эч негизсиз эле алып алышты, - дейт нааразы болгон профессор.

Депутат Тазабек Икрамов 1998-2000-жылдары эле Жалал-Абаддагы Дене тарбия жана спорт институтунда иштеген. Бирок эч кандай Ардак грамоталары жана 20 жыл стажы жок. Ал эми мындай наамга татыктуулар 20 жылдан кем эмес эмгек синириши керек.

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

Последние новости