www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарык куну же эски заманга карай...

Күз башында эле "Улуттук энерго холдингдин" төрагасы Айтмамат Назаров жарыкты үнөмдөп пайдалануу, Казакстандан электр энергияны импорттоо боюнча жыландын башын кылтыйткан, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында.

Албетте, алгач "Энергохолдингге" төрага болуп бекигенде эле Айтмамат Назаров бул тармакта дилетант экени, арак сатып байып жүргөнү, олигархтардын жөөкөрү экени айтылып келген. Тилекке каршы, энерго системаны өркүндөтүп-өстүрүү боюнча эч нерсе дебей туруп, Казакстандан электр энергиясын экспорттойбуз дегени катуу сынга кабылды. Жок дегенде жаңы келген төрага катары багыттуу жана келечектүү программа катары электр энергиясына күнкорсуздукту жоюу үчүн мөңгүлөрдү сактоону демилгелеп чыкса болмок.

Ат тезеги кургай элек. Президент барып Күрп-Сай ГЭСинин жаңы агрегатынын лентасын кесип, реконструкцияга 100 миллион доллар коротулганын айтып келди. 100 миллион доллар бул биздин бюджет үчүн чоң каражат. Биздин буга чейинки тышкы карыздын 4 миллиардынын бир миллиард доллардан ашык каражаты жалаң ушул энерго секторду кармап турууга, оңдоп-түзөтүү иштерин жасоого кеткенин эске алсак, азыркы коротулган 100 миллион доллар да жөнөкөй сумма эмес.

Президенттин айтымында 100 миллион доллар коротулуп реконструкция болгон ГЭС мындан ары анын иштөө мөөнөтүн болжолдуу 20-25 жылга узартат деди. Болсун, бирок ошол эле учурда жаңы реконструкциядан өтүп, шаймандары жаңыланып жатса, анда неге өлкө боюнча жарык берүү быйыл үзгүлтүккө учураганы турат?..

Бул чоң суроо. Өкмөт Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо үчүн да Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар насыя алууга кол коюшту. Айталы 2017-2018-жылдары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19, 5 млрд. куб метрди түзүп, акыркы жылдардагы жогорку чекти багынткан. Быйылкы кышта бул көлөм эки миллиард куб метрге аз. Анын себебин азыр эч кимиси ачык айтпай жатышат. Айрым маалымат булактарында жаз-жай айларында толгон суу сактагычтагы сууну коңшу өлкөлөрдүн дыйканчылык талааларын сугарууга сууну кое берип жиберишкен деген маалымат бар. Эгер бул маалымат чын болсо, анда биздин чиновниктер жай айында толгон сууну сатып жиберишти деп бүтүм чыгарууга толук негиз бар.

Негизинен 17 миллиард куб метр суу Кыргызстанды толук жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылганга жетет. Мындан аз учурларда деле өлкө жарык менен камсыз болуп келген. Тилекке каршы, азыр суу жетпей жарыксыз калуу коркунучу келип калганына караганда, бул жерде чоң жашыруун сыр бар. Ачык айтыш керек, азыр областтар боюнча электр энергияны чектеп берүү боюнча атайын тапшырмалар берилди. Эл арасында электр жарыгын чектеп колдонуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өтүп жатат.

Мына ушулардын баары келип бүгүнкү күнү жарыкка болгон кризис жакындап калганынан кабар берет. Аны азыркы бийлик моюндабай жатат. Айтмакчы, апрель ынкылабынан кийин ал ынкылапка катышуучулар бир нечеп бөлүнүп, бир тарабы азыркы бийликти жактаса, бир тарабы мурунку ажо Атамбаевди колдоп жүрөт. Кечээ жакында дал ошол азыркы бийликке ыктап, ага жан тартып жүргөн "Баатырлар үмүтү" коомдук уюму билдирүү таратып, Атамбаевге жан тарткандарды шыбап өттү.

Ал билдирүүдө "Биз Бакиев бийлиги учурунда электр энергиясын чектеп берип калганына каршы чыкканбыз, тезек терип калганбыз, жарык кунунун кымбаттаганы үчүн Бакиевди кууганбыз, Атамбаевди колдоп чыккан эмеспиз" деген мааниде кайрылуу жасашты. Ооба, алардыкы бир четинен туурадыр, бирок ушул кышта тезек терип, жарык өчүп, электр энергиясы кымбаттай турган болсо, анда бул коом эмне кылаары белгисиз?..

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости