www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астананын жаштар маслихатынын VII чакырылышынын депутаты, модель Динагүл Тасова мода көргөзмөсүнө ачык кийинип чыкканы үчүн сабалганын  Спутник Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Эскерте кетсек, Тасова декабрь айынын башында Fashion Night Astana мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда подиумга кийип чыккан үлбүрөк көйнөктүн көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Ал сүрөтүн өздүк баракчасына жүктөгөндөн кийин казакстандык интернет колдонуучулар сынга алышкан эле.
Ошондон кийин анын аккаунту белгисиз бирөөлөр тарабынан өчүрүлгөндөн кийин, депутат айым  инстаграмм соц.түйүнүнө кайрадан катталган эле.

Ошол баракчасы аркылуу сабалганын айтып, көгала болгон сүрөтүн жүктөдү.

«Мен модель катары өз жумушумду билем жана аны жакшы жасайм. Жакыным деп ойлоп жүргөн адамдын «колдоосу» сүрөттө чагылдырылды. Мен ага рахмат айткым келет. Ал өзүмдөгү чоң көйгөйдү сезүүгө мажбур кылды. Анын жан дүйнөгө кылган соккусун салыштырганда денемдеги жаракат эч нерсе болбой калат. Мен бул тууралуу унчукпай отуруп калбайм деп чечтим», — деп жазган депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости