www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармашты.
2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде белгисиз аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон.
Көрсөтүлгөн топто жарыяланган нускамаларды аткарып, арыз ээси өз атына «МБанк», «О!Деньги» жана «Оптима Банк» төлөм уюмдарында банктык эсептерди жана электрондук капчыктарды ачкан. Андан соң белгисиз адамдар анын 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алып, байланышууга чыкпай коюшкан.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Н.И. аттуу жаран кармалып, шектүү катары аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан анын ушул сыяктуу 10дон ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө иш-чаралары улантылууда.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды сак болууга чакырып, интернет тармагында белгисиз адамдарга ишенбөөгө, тааныбаган адамдарга акча каражаттарын которбоого жана күмөндүү каржылык схемаларга катышпоого үндөйт.
Эгерде сиз аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же анын башка кылмыштарга тиешеси тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номерлерине кабарлоону суранабыз:
0 (509) 26-26-69, 0 (700) 958-065 жана 102.