www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16 жаштагы кызды Каракол шаарынан Бишкекке уурдап келип, коммерциялык секс менен алектенүүгө мажбурлашкан. Ленин РИИБи бул факты боюнча иш алып барбай жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири “Адилет” укук коргоо клиникасынынын кызматкери Айнура Осмоналиевага таянып жазды. Анын айтымында, алардын клиникасына 16 жаштагы кыз таежеси менен кайрылып, аталган факты боюнча милиция чара көрбөй жаткандыгына нааразы болушкан. Адвокаттын айтымында, бойго жете элек кыздын майыптыгы боюнча справкасы дагы бар.

-Алгач бизге журналисттер кайрылып, жабырланган кыз менен таежесин алып келишти. Алар 2019-жылды ноябрь айында Бишкек шаарынын РИИБне арыз жазып, кызды Каракол шаарынан уурдап,коммерциялык секс менен алектенген жерде мыйзамсыз кармап тургандыгы боюнча чара көрүүнү өтүнүшкөн. Бирок, милиция ушул күнгө чейин эч кандай иш аракет көргөн эмес. Жөн гана буга чейин даяр болгон экспертизаны эле кайра дайындап койгон. Психиатриялык экспетизанын бүтүмү боюнча жабырлануучу оюунан жалган бир нерсени чыгарып, фантазиялоого жөндөмдүү эмес, - дейт клиниканын кызматкери.

Ошондой эле Айнура Осмоналиева 2020-жылы дагы бул окуя боюнча милицияга кайрылышкандыгын айтып, бирок, алар дагы деле ишке көңүл бурбай жаткандыгын кошумчалайт.

-Биз бир ай бою Ленин РИИБнин тергөө органдарынан 16 жаштагы уурдалган кыздын иши боюнча реакциясын күтүп отурабыз. Бардык экспертизанын жыйынтыгы бар. Тергөөчү ыкчам тобуна ишке тийиштүү тараптарды суракка алып келүү боюнча тапшырма берген. Тергөөгө бир аял эле алып келинип, ал күнөөнү моюндабай жатат. Кылмыштын башка катышуучуларын милиция таба албай жатабыз дешүүдө, - дейт укук коргоочу Айнура Осмоналиева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости