www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы «Жашылдар» партиясынын уран кенине байланыштуу нааразылык акциясын Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө уруксат берилген жок.Бул тууралуу партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев Назарньюс сайтына билдирди.
Анын айтымында, Биринчи май райондук соту борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Сот 30-апрель күнү Ала-Тоо аянтында башка иш-чара өткөрүлөөрүн жүйө кылып, «Жашылдар» партиясына Горький гүлбагында акция өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев тыюуга карабай Ала-Тоо аянтына акция өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.
«Бул акыркы чечим эмес.Азыр саат 16:00 до сот булл тууралуу акыркы чечимин чыгарат»,-деп айтты Э.Бөлөкбаев.
«Жашылдар» партиясы өлкө аймагында уран кенин иштетүүгө таптакыр тыюу салуу жана ага уруксат бергендерге кылмыш ишин козгоо талабы менен нааразылык акциясында чыгат.
Булак:NazarNews.kg