www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) чырына көп болду. Ага кылмыш иши быйыл кышында (18-февралда) башталып, күнөөлүүлөрдүн иши сотто карала баштаган. ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион долларлык ири насыянын айланасында сөз болууда.

Бүгүн да сот отуруму болуп, буга чейин аты аталып келген депутат Каныбек Иманалиев күбө катары барып, сүйлөдү.

Анын айтымында, ошол кезде президенттик аппараттын бөлүм башчысы Сапар Исаков ЖЭБге күнөөлүү экен. «Бул менин субъективдүү оюм, кеп Исаковго күнөө коюу эмес”, - дейт депутат. Ошондой эле ал Исаков оңдоп-түзөө процессине башынан аягына чейин катышканын баса белгилеп, ЖЭБди жаңылоо туура чечим болгонун, кептин баары суммасында экенин айтты.

Эскерте кетсек, ЖЭБ боюнча күнөөлөнүп кармалгандар мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында, “качып кеткени качан”, - деген да имиш бар. Аты аталгандардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости