www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Жефф Безостун байлыгы 15 мүнөттүн ичинде 13,2 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу Bloomberg  басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Amazon компаниясынын посмаркеттеги акциялары 30-январь күнү 12 пайызга чейин өскөн. Ишкананын кварталдык отчетунда таза пайда 87,4 миллиард долларды түзгөнү айтылат. Ал эми бир акциядан түшкөн пайда 6,47 долларды түзгөн. Мындай көрсөткүч эксперттерди таң калтырды, алар 4,11 доллардан пайда көрөт деп болжоп жатышкан. Компаниянын акциясынын 12 пайызына ээлик кылган Безостун байлыгы болжол менен 129,5 миллиард долларга жеткен. 

Белгилей кетсек, өткөн жылы  дүйнөгө белгилүү миллиардер Жефф Безос аялы менен ажырашуу процесси көп нерсеге таасир берип, бир жылда 13,1 миллиард долларынан кол жууганын айткан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости