www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Өкмөтү өлкө боюнча желим пакеттерди жана желим идиштерди пайдаланбай турган мыйзамды киргизүүнү сунуштоодо.
Бул боюнча ЖКнын депутаты Экмат Байбакпаев желим баштыктарды өлкөгө экспорт кылбай, тескерисинче, аны өндүргөн ишканаларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана ага каршы сунушун киргизген болчу. Коомчулукта дагы желим баштыктарга каршы да акциялар өткөн.
Глобалдык экологияга желим баштыктардын тийгизген терс таасири абдан чоң. "Ысык-Көл" биосфералык аймакта да андан зыян келген учурлар көп, ошондуктан аны бул аймакта колдонуу абдан кооптуу болуп саналат. Полиэтилендик баштыктар көп жыл чирибей тура берет. Мал-жандыктар желимдерди азык катарында жеп алып, бул нерсе малчыларга да зыянын тийгизет.
Ошого байланыштуу Өкмөт желим баштыктардын өлкөдө колдонулбастыгы тууралуу сунушту колдогон. Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке тиешелүү токтомго кол коюп жөнөттү.
Эми мыйзам кабыл алынса, мамлекетибизде полиэтилендик баштыкчалар колдонулбасы бышык.
Эске салсак, 2012-жылкы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Дүйнөлүк океанда 165 миллион тонна желим баштык табылган.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg