www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Сенаты журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) өлүмү үчүн жоопкерчиликти Сауд Арабиясынын мураскер ханзадасы Мохаммед бин Салманга жүктөгөн резолюцияны бир добуштан жактырды.

Резолюциянын авторлору Эр-Риядды журналисттин киши колдуу болушуна аралашкан бардык адамдарды сот жообуна тартууга үндөшөт.

Америкалык маалымат каражаттары жазышкандай, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын талдоочулары Кашыкчынын көзүн тазалоо тууралуу чечим ханзаданын түздөн-түз буйругу болмоюнча кабыл алынмак эмес деген тыянакка келишкен. Буга чейин Вашингтон журналистти жок кылуу операциясына катышканы кабарланган саудиялык 17 кишиге санкция салган.

Бирок президент Дональд Трамп чалгын кызматынын бүтүмүн талаштуу деп баалап, экономикалык жактан жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракетинде Эр-Рияд менен мамилелер АКШ үчүн өтө маанилүү экенин айткан.

Белгилеп өтсөк, бейшембиде америкалык сенаторлор ошондой эле падышалыкты жана Саудиянын Йемендеги өнөктөштөрүн колдоону токтотуу жөнүндө резолюция кабыл алышты. Ал Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу болду.

Эске салсак, журналист 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз жоголгон. Кийин анын киши колдуу болуп өлгөнү ачыкка чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости