www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Разаков:

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүү ниети жок. Бул тууралуу ал журналисттерге айтты.

Анын билдиргенине ылайык, кызматтан кетүүгө негиз жок.

«Эл митингге акча үчүн чыкканын, Баткендеги менин кишилерим айткандарынан улам билем. Мага 14-январда чакан автобустар айыл аралап элди чогултуп, Бишкектеги митингге катышкандарга акча убада кылышканын кабарлашкан. Баткен районунан митингде эч ким болгон жок, Лейлектин 4-5 тургуну гана болду. Сотко берсе беришсин, сот чечет», — деди Жеңиш Разаков.

Эске салсак, Журналист Канышай Мамыркулова менен жарандык активист Самат Алиев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришкен. Бул тууралуу Канышай Мамыркулова өзүнүн Фейсбук барачасына жазып чыккан.

Доо арызда 13-январда жана 15-январда Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча өткөрүлгөн митингди Жеңиш Разаков “Акча менен уюштурулган, алар акчага чыгарылган адамдар” деп айтканын «куру айып» деп баалашып, доо арыз жазгандардын ар бири 5 млн сомдон талап кылышкан.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости