www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жер алдындагы өтмөктөр мэриянын 7 кызматкери жоопко тартылууда. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө акча кымырылып алынган.

Бул маалыматты УКМК таратууда. Бишкек шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 376 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды.

Мындан улам, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Былтыр Чүй проспектиси жана Абдрахманов, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги жана «Аламүдүн», «Мадина» базарларынын жанындагы өтмөктөрдү оңдоо боюнча өткөрүлгөн сынактар текшерилген. Анын жыйынтыгы боюнча, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жети кызматкери тартип жазасына тартылган. Ал эми сотко чейинки өндүрүш иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, Бишкектеги эки ири өтмөк 2017-жылы толугу менен жаңыланган. Буга баш-аягы 27 миллион сом кеткени кабарланган. Бирок көп узабай эле жер өтмөктөрдүн үстүнөн сарыгып аккан суу тамчылап, бетондун шыбактары сыйрылып түшкөнү шаар тургундарынын сынына кабылган, - дейт "Де-Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости