www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер тилкени каттатуу үчүн кандай документтер керек? Тизме

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жер тилкени каттатуу үчүн кандай документтер керектеле турганын айтып, тизмесин жарыялады.

Мэрия жер тилкелерине техникалык паспортту жасоо менен атайын мобилдик топ алектене турганын айтып, шылуундарга алданып калбоону эскертти.

Кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

адамдын ким экенин тастыктоочу документ (ID-карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);

кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар;

кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жана үй-бүлөнүн сандык курамы жөнүндө маалымат кат.

Мобилдик топ документ берүүдөн мурда изилдөө жүргүзүп, андан соң үйлөр салынып калган жер участокторуна техникалык паспорт даярдалат.

Эске салсак, жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор 7-декабрдан тарта иштей баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости