www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй боюнча Жээнчороевдин билгени барбы?

Таластагы ири алтын кени бар «Жерүй» маселеси боюнча жыйындар, митингдер болуп атат. Кызыгы бир учурда «Кумтөр» алтын кени боюнча алчы-таасын жеген Дастан Сарыгуловго окшогондор бүгүн «Жерүй» маселесинде да акыл айтып жүрүшөт. Булардын көзү алтын көрсө эле кызарат экен го, кудай ургандыкы. Анан биздин таң калганыбыз «Жерүй» маселеси көтөрүлсө эле, Таластык депутаттар Мирлан Жээнчороев менен Кенжебек Бокоев дегендер кумга сиңген суудай эле жок болуп кетишет негедир. Эл алдына чыгып калыс пикирин айтып койгондон кадимкидей айбыгышат. Коркушат. Булар эмнеден эле коркот деп жандырмагын таппай жүрдүк эле. Көрсө булардын корко турган жөнү бар экен. Эгер «Жерүй» (боюнча маселеде пикир айта турган болсо эле «шефи» Өмүрбек Бабановдун «маскасын» сыйрып алышы толук мүмкүн экен да. Же андай эмеспи, Жээнчороев?..

Булак: “De-Факто”

Последние новости