www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен кызматташтык боюнча 16 документке кол коюшту. Ал кызматташтыктын ичинде өзгөчө өлкөгө экономикалык жактан ири көлөмдөгү акча алып келүү ниети бар Жерүй кенинин айланасында дагы сөз жүрдү. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташуу башталарын маалымдап, алардын бири катары Жерүй кенине алдыңкы жыйырма жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынарын белгиледи. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери өкмөт бул кенди ачууга бир нече жолу аракет кылган. Бирок, ушу күнгө чейин долбоор ишке ашпай келген. 1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. 2015-жылдан баштап ачык конкурска коюлган Жерүй кенин оруссиялык Муса Бажаевдин “Восток геолдобыча” компаниясы утуп алып, ушул тапта иш аракеттер жүрүп жатат. Жергиликтүү эксперттер буга чейин Жерүй кенинен Кыргызстан 1,5 млрд.доллар таза киреше көрүшү керек деп айтып чыгышкан. Алар эмне дейт, алдыдагы күндөрдө сөз кылалы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости