www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фучика көчөсүндө, тактап айтканда №1 оорукананын жанына түрктөр өз каражаттарына ооруканага ылайыктуу имарат салып беришкен. Убада боюнча мындан алты ай илгери ал имарат ишке берилмек.
Бирок али күнчө жетим калган баладай курган имарат эңгиреп бош турат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтуусунда керектүү документтерге толук кол коюла элек экени дайын болду.
Ыя, айланайын, бекер салып берип жаткан имараттын документерин дайындап албаган чоңдор, ушуга чейин тезек терип жүрүштүбү же бул жерде дагы чоңдордун вирусу болгон коррупциянын башы кылтыйып турабы, аны так кесе айтуу кыйын.
Анткени биздин өлкөдө жаңы эмне салынса эле ортодон пайда көрө коюну адатка айлантышканы жаамы жутка маалым эмеспи. Айткандай саламаттыкты сактоо министири Космос мырза баш болгон лөктөр эмне деп жооп беришет аны күтө турганыбыз жөндүү.
Булак: NazarNews.kg