www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Абдывахап Мамадрасулович, акыркы күндөрдө кыргыз - казак чек арасында жүк ташыган машиналарды өткөрүү жагынан кайрадан көйгөй пайда болду. Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети мунун себебин иликтеп көрдүңүздөрбү?
-- Алардын берген расмий маалыматына караганда, «чек арадан өтүп аткан машиналардагы жүк менен документтеги сандардан айырма чыкты» деп айтып атышат. Билбейм... Бул жерде өкмөт сүйлөшүшү керек го.
-- Бирок, баарыбыз эле билип турабыз да, негазги себеп бул эмес экенин...
-- Ооба, негизи себеп бул эмес. Азыр жаз келди, мүмкун суу маселеси бардыр, башкасы болобу?.. Муну өкмөт, экономика министрлиги сүйлөшүшү керек го.. Бул нерсеге баары бир чекит коюу зарыл. Анткени, биз кошуна мамлекетпиз. Эки өлкө тең ЕАЭБдин курамындабыз. Анан муну карап, эртерээк чечпесек... Утуру эле ушундай боло берген эки элдин ортосундагы достук мамилеге чоң жарака кетирет. Элде кыжырдануу пайда болот. Ошон учун бул көйгөйдү эң жогорку деңгээлде чечиш керек.
-- Жакында эле Казакстандын жетекчилиги алмашпадыбы, ушуга байланыштуу да болушумумкүнбу?
-- Ким билет эми?.. Жаңы президент азырынча өз алдынча чечим чыгарбаса керек. Суу сактагыч сыюктуу ортодогу талаш маселелерден улам болушу мүмкүн. Алар да быйыл суу боюнча келишимдерге эртерээк кол койдуруп алууну ойлоп атышы ыктымал.
Керим МУРАС,АзияНьюс