www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутатынын бир тууганы пара менен кармалды

Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директору Бактияр Төлөнов кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматындагы (Финпол) ишенимдүү булак билдирди.

Анын айтымында, аткаминер 800 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Финполдун маалымат кызматы бул кабар боюнча расмий комментарий бере элек.

Анын бир тууганы Жогорку Кеңештин депутаты Даняр Төлөнов бул тууралуу укпаганын билдирген.

Эске салак, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы (Финпол) мамлекеттик бюджетке 143 миллион сомдук чыгымдын ордун толтуртуп бергени тууралуу маалымат берген. Аталган кызмат 8-январь күнү "Ц." ЖЧКсына карата салыкты жашырып коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшүн ишке ашырылып, анын натыйжасында, ишкана жергиликтүү финансы органы аркылуу мамлекеттик бюджетке 93 миллион 283 миң сом төлөп берип, бирдиктүү депозиттик эсепке 50 миллион сом төккөнү маалым болгон.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости