www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору жана «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев тааныштырды.
Анын айтымында, аталган конституциялык мыйзам долбоорунун максаты «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына талдоонун негизинде аныкталган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аталган конституциялык Мыйзамда каралган ченемдерге Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарынын ченемдерин шайкеш келтирүү болуп саналат.
Ал эми экинчи мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүүнү көздөйт.