www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-октябрда III Орус-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдындагы «Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке борбордун директору Наталья Никитенко жана КРСУнун ректору Сергей Волков кол коюшту.

Меморандум парламенттик аналитиканы өнүктүрүүгө, колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, эксперттик иштерди уюштурууга жана мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүүгө багытталган.

Ошондой эле тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана эксперттик талкууларды өткөрүүнү, билим берүү иш-чараларын уюштурууну, студенттер менен жаш изилдөөчүлөрдү практикалык долбоорлорго тартууну пландашууда.

Мындан тышкары парламенттик аналитика жана изилдөө иштерин санариптештирүү, заманбап маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү каралган.

Наталья Никитенко белгилегендей, парламенттик практика, илим жана билим берүүнүн ортосунда туруктуу байланыш түзүү сапаттуу экспертизага жана терең изилдөөлөргө мүмкүнчүлүк берет.

Меморандум тараптардын биргелешкен илимий-изилдөө, эксперттик жана билим берүү демилгелерин ишке ашыруусуна негиз түзөт.

Последние новости