www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казимир Малевич, кадимки эле «Кара квадрат» деп аталган сүрөттүн автору. Бул сүрөт өзүнүн аталышындай эле квадратты толугу менен кара боекко боеп койгон. Болгону ошол, эч бир суктандырчу нерсе жок.
Кыргызстандын бүгүнкү парламентин карап олтурсаңыз ошол абстракционизмдик сүрөттөй эле болуп калгандай. Өзүнчө түшүнүксүз бутак болуп. Айтор, канчалык каалабасак да азыр Кыргыз парламентининде (арасында анча-мынчасын эсепке албаганда) келечекти түз, таамай көрө билген ачык айкын иш сезилбей жатат. Алар болсо өзгөчө акыркы учурларда элдин оозуна шумдуктуудай упчуну «эмизишүүдө». Айрымдарынын сүйлөгөн сөздөрүн уксаң андагы депутат Жолдошбаев айткандай эмес, чындап, чачыңдан тырмагыңа чейин уяласың. Деген менен эл ишенип шайлаган жол баштаарлардын көчү али да караңгыдай.
Жогоруда айтылгандай Малевичтин «Черный квадрат» деген сүрөтүндөй эле «капкара» . Жаңы Баш мыйзам боюнча эң жогорку бийлик болгон ошол Жогорку Кеңеште жаңы шайлоо жакындаган сайын дүпүлдөмүш этип түр көрсөтүп жатышканы менен баары бир эле биз кеп кылып салыштыргандай сүрөт.Анан бир убакта жандана түшүшөт дейсиң, айрыкча кайсы бир министирликтин креслосу бошоп же кимдир бирөөнү жетектөөчү кызматка дайындоо учурларында. Ошондо байкасаңыз, көпчүлүктү түзүүчү коалициянын фракциялары аткаруу бийлигиндеги бийликти ата мурасындай (нотариуссуз) бөлүшүп алышып, жек-жааттарын, тууган-туушкандарын ишке орноштуруу менен чебелектеп жаткандай «сүрөт». Анан да бир убактарда алардан өйдө жакта турган тараптан «соккон шамалдын» илебинен уламбы, же коомчулуктун көзүнчө иштеп жатабыз деп түр көрсөтүшкөнүбү «калдыр-кулдур» боло түшүшөт да тигил же бул иш боюнча комиссия түзө салышып, бир нерселерди чукуп, анан ошонусу менен эл үчүн укмуштай иш жасап жаткан түр көрсөтүп, «күжү-күжү» болуп калышат. Анандан да кейиштүүсү-ал «мыйзамчылар» көп учурларда иш тартибин өздөрү каалагандай бузуп жатышканын укмкасан-көрмөксөн болгонунда.
Ушул сыяктууларын айта берип «шүмшүк», эркин ММКлардын тилдери да тешилип бүтмөй болду. Алардын андай экенин жамы-журт көрүп олтуруп, акыркы учурларда алар деле көргүлөрү келбей калган окшойт? Кайран гана Жогорку Кеңеш! «Уялбагандан өзүң уял» дегендин накта «Родинасы» болмой болду го?
Сөзүбүздүн башында Казмир Малевичтин абстракционизимдик сүрөт искусствосун айткан себебибиз да ушул.Жана да бир жолу салыштыруу менен айтканда азыркы Кыргыз парламентинин корпусу реализмден алыстаган искусствонун орбитасында жөн гана калкып, калкып гана калгандай. Кунарсыз дагы...
Булак: "Айгай"