www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg малымат агенттиги элдин көңүл борборуна айланган Шадиевдин билдирүүсү боюнча, сайттыбыздын окурманы Жолдош Орозовго байланышып, оюн билүүгө аракет кылдык.

-Азыркы заманда интернеттин мүнкүнчүлүгү чексиз эмеспи жазса жазган чыгар, бирок "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп жеп-ичкен , уурдаган акчаларын мен алган эмесмин деп турушу чындыкка кошпой турат. Эгер ал таза болсо качбай эле баарын айтып негизсиз кылмыш ишин ачып жатышат деп элге көрүнсө болот эле да, демек арты булганыч болгону үчүн безгек болуп безип жүрөт.

Ал эми депутаттыктан алып салганы тура эле болду. 2-3 жыл качып жүрө берсе депутаттыгы сакталып тура бериши керекпи?

Фракциянын баштыгы Алтынбек Сулайманов Шадиев арызды өз колу менен жазган ошол арыздын негизинде БШКга мандатын алып коюу үчүн кайрылдык деп тастыктоодо. Ушул жерде кандайдыр бир бүдөмүк оюн ойнолуп жаткансыйт, депутаттыктан кеткенге арызды өзү жазбашы да мүмкүн, себеби ал алыста качып жүрүп кайдан , кантип жазды деген да ой пайда болбой койбойт. Кандай болгон күндө да Шадиевдин ордуна жаңы депутаттын келип иштеши туура эле болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости