www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тегерегиндеги ызы-чуунун аягы түгөнчүдөй эмес. Үй-бүлөлүк, тууган-туушкандык башкаруудан алыс бололу деп эки жолу революция жасаган элдин үмүтүнө түкүрүп туруп, азыркылар андан да укмуш бүрдөп жатканы ачыкка чыкты. Өкмөттүн бети бир топ эле калыңыраак окшойт, үч адамдын отставкасы менен өз креслосун сактап калуунун аракетин көрүүдө. Кайын журту, бир туугандары эле эмес, балдарын карапайым адамдын түшүнө киргис контракт төлөп АКШда окутуп жатканын коомчулук чектен чыккандык катары баалап жатат.
Премьер-министрдин бир жылдык тапкан кирешеси бир кызынын контрагынан ашпасын көрүп туруп, калган үй-бүлө мүчөлөрү орозо кармап жашайбы деп боор толгогондор да чыга баштады. Маселе башкада. Премьер-министр коомчулуктун катуу сынына кабылды. Буга чейин эч бир саясий дивиденди жок жүрүп, кайсы бийлик болбосун аны менен иштешип кетүүгө ыңгайлашкан азыркы өкмөт башчынын кадамдары, экономикалык социалдык абалдын күн санап төмөндөөсү, коомчулукту адаштырууга түрткөн статистикалык маалыматтар менен алектенүүсү "отставка" деген кыйкырыкка жеткирди. Балким ушул мезгилге чейин жок дегенде экономикалык өсүштөр байкалса, коомдун бир бөлүгү "экономикалык жылыштары бар, өсүүдөбүз, отставка талап кылуу болбойт" деген кескин пикирлерин билдирмек.
Тескерисинче жер карамалыгы, өз алдынча өкмөт башчы катары саясат алып кете албаганы, жакында эле чуусу токтогон уран маселеси боюнча пикири жоктугу, шалаакылыгы, «КТ-Мобайл» компаниясынын тегерегиндеги бажасы Иманкадый Рысалиев экөөнүн кулагы чыккан чыр, "Кыргыз почтасы" сыяктуу стратегиялык обьектини менчиктештирүүгө болгон далалаттары Абылгазиев феноменин жокко чыгарганы турат. Ага болбой коомчулуктун нааразычылыгын назарына илбей креслого жабышып отурганы азыркы бийликке болгон ишенимди алсыздантып жатканын ачык белгилешибиз керек.
Кечээ эле күтүүсүздөн өкмөттүн төрт айлык ишинин жыйынтыгы деп Абылгазиев бир канча маселелерди айтты. Эгер баам сала турган болсок, ал аракеттерде бир да өкмөттүн тиешеси жок жалаң жеке сектордун, инвесторлордун демилгеси менен ишке ашырыла турган пландар экен. Ошол өкмөттүк жыйында көзгө оркоюп көрүнгөн катачылык бул Сокулук районуна кагаз иштетүүчү фабрика салуу планы жүрөт. Стоп!!! Токмоктогу картон фабрикасынын абалы менен премьер-министр таанышпы? Биздин маалыматтар боюнча Акаев учурунда Кытай өкмөтүнөн үстөк пайызы менен кредит алынып, өтө эле кичинекей экендигинен улам ал завод ачылган күнү эле кайра жабылган. Кагазды адамзат турмушуна киргизген Кытай жаныбызда турса, Россия мамлекетинин эбегейсиз токой запасы турса, анан элементардуу бир токою жок Кыргызстан кагаз иштете турган завод салып жатканын элестетип жатасыздарбы? Же ал заводдун кагаздары койдун кыгынан жасалабы?
Анан ушинтип оюна келгенди оттогон, Россия Президенти Владимир Путинди "Бишкекке биринчи жолу келе жатат" деп ураалаган премьер-министрдин канчалык зарылчылыгы бар экенин карапайым калк өзү таразага салуу мезгили бышып жетилди.
Булак: "Фабула"