www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан үч күн мурун, тактап айтканда, 29-октябрда NazarNews маалымат агенттиги “Чаткалды гүлдөтө турган инвесторлордун акчасы акимдин мафиясынан артпай жатат” деген темада макала чыгарганбыз. Анда, Аден Турусбеков аттуу Фейсбук колдонуучусунун жеке баракчасына “Калпты чындай айтканга Канжарбек Эшалиев уста. Акимдин 5 мектеп, бала бакчаларды салганга кыпындай тиешеси жок” деген аталышта Чаткалдын акими жана андан акча алды деп айтылган журналист тууралуу чыгарган посту берилген.

Бүгүн, NazarNews маалымат агенттигине аталган макалада айтылган журналист Мааданбек Таалайбек уулу кайрылып, өзүнүн чындыгын айтты:

Чаткалдын акиминин иши боюнча журналисттик иликтөө кылып жаткандыгым чындык, азыр деле жүрүп жатат. Бирок, акча алды дегени калп. Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиев менен Бишкекте жолукканым да чын, ал Чаткалдан келип экөөбүз 22-23-октябрда филармониянын имаратынын жанынан жолугуп, журналисттик иликтөө тууралуу сүйлөшкөнбүз. Ал өзүнө карата каралоо болуп жатканын айтканда, мен анын айткандарына да өз иликтөөмдө токтолом деп айткам. Ал мага эч кандай акча сунуштаган эмес. Эгер мен акча алсам деле филармониянын алдынан алмак эмесмин. Эгерде акча алганым боюнча факты болсо, анда мен жооп бермекмин.

Чаткалдын акими менен жолуккандан кийин эле Алматыга кетип калган дептир. Негизи мен Алматыга көп каттайм, ал жактагы кээ бир ишканаларда акцияларым бар, ошого байланыштуу иштеримди бүтүрүү үчүн барып турам. Бирок, аким Эшалиев менен жолуккандан кийин Алматыга бара элекмин.

Ал эми Аден Турусбековдун жазгандары толугу менен төмөндө:

“13 чакырым жол жасатып, оозу-мурду кыйшайбай 30-40 чакырым дейт. Баса, 13 чакырым жол боюнча 2 400 000 сом жетишпестикти УКМК текшерип, таап чыккан. Мындай мыйзамсыздык Чаткалда толтура! Азыркы учурда, кирээрге тешик таппай кайсалдап турган аким, Чаткалдан бери жол тартып, капчыгына көк кагаздарды толтуруп, былыктарын былтыйта төлөм менен тазалап кетүү үчүн Чаткалдагы чатак иштерди иликтеп жүргөн иликтөөчү журналист, Мааданбек Таалайбек уулу менен Бишкектен жолугушканынын себеби эмнеде? Акчаны жакшы көргөн аким, жегендерин кускусу келбей, журналисттин оозун кантип жапты экен?.. Дагы бир таң калаарлык жагдай, ошол жолугушудан соң журналист Алматыны көздөй сапар алып кеткени миң түрлүү ой-жаратпай койбойт. Суудан кургак чыккан Канжарбек Чаткалдын ырыскысын Казакстанга дагы жыйган өңдүү. Чаткалды гүлдөтө турган инвесторлордун акчасы Канжарбектин мафиясынан артпай, элдин үмүтү аткарылбай, Канжарбектин азабын дагы канча тартат болду экен?! “Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат” деген ушул экен да... Оозун майлап койсо ою өзгөргөн журналист акимден арткан акчага чөнтөгү толо түштү окшойт! Сен мага таарынышың мүмкүн, бирок мен кашкайган чындыкты көрүп туруп үн катпай коё алган жокмун!”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости