www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардык кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу, мандатынан ажыраса,  арыз менен сотко кайрылмай болду. Бул эми кызылдай акчага сатып алган мандатынан оңой-олтоң эле ажырап калбастын далалаты экени баарына  маалым.

Эх, курган акча. Акчаң болсо башка өлкөнүн жараны эмес, башка улуттун кишиси бол, келип жогору жак сураган акчаны берип, мандатты сатып алып, депутат болуп жүрө берсе болору анык болуп калды. Айткандай шайлоо учурунда эмнеге жарандык каралбайт. Анан минтип кысталышта башты тырмагандын кимге кереги бар. Жусупбек мырзага да туура түшүнүү керек.

Анткени мандат  үчүн аз дегенде 50 миңден ашык доллар кеткенин да эске алган жөндүү.

Айтмакчы Жусупбек мырза өз  сөзүндө “менин ордум кимдир бирөөнө керек болуп калып, ушул чыр чыкты” деп айтканы, бул депутаттык орунду дагы бирөөнө кудалашкандын  белгиси болуп жүрбөсүн. Болбосо мынчалыкка барышпайт эле...

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости