www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы элчи Клара Самат деген айым эмгек мигранттар менен жолукпай койду, маселени чечүүгө аракет жасаган да жок. Мындай пикирин экс-депутат Жылдыз Жолдошева Фейсбуктагы баракчасында билдирди

"Россия Федерациясындагы эмгек мигранттардын азыркы учурдагы өтө оор көйгөйлөрүн ким чечет?

Эмгек мигранттар Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, бир эле өзүн, же үй-бүлөсүн багып келбестен, Кыргызстаныбызды социалдык жарылуудан сактап келет.

3 сентябрь 2022 жылдан баштап кыргыз жарандыгы бар эмгек мигранты жашаган жери боюнча кайрадан регистрациядан өтпөсө, тилекке каршы депортация болгону жатат. Россия өлкөсү соңку мыйзамды мына ушундай кабыл алышты, ошондой эле 1 миллионго жакын кыргыз эмгек мигранттарын каттоодон чыгарышкан.

Болгондо да Экономикалык жана бажылык союздаш өлкө, башкача айтканда стратегиялык өнөктөш Россия Федерациясы. Анда биз эмнеге союздаш болдук Россия Федерациясы менен?

Россиядагы элчи Клара Самат деген айым эмгек мигранттар менен жолукпай койду, маселени чечүүгө аракет жасаган да жок. Каяка барсаңар, ошол жакка баргыла дегендей. Тышкы иштер министри Клара Саматка ашыкча сүйлөй албайт окшойт. Же өзү маселени чечүүгө далалат жасаган жок.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, эмгек мигранттарды ойлоп койбогондой. Силер менин маселем эмессиңер дегендей түр көрсөтөт.

Депутаттар жыргап каникулда, Спикер Талант Мамытов мындай учурда кезексиз жыйын өткөрүп маселени кабыргасынан коюп чечиш керек эле. Кандай болгон чакта дагы, эл өкүлүсүңөр. 1 миллион калк, силердин шайлоочуңар жөнүндө сөз болуп жатат.

Мен азыр, эмгек мигранттын турмушун билгенимдей жазайын, туура эмес жазсам оңдоп койгула. 

Оштон, же Бишкектен эмгек мигранты Москвага учуп келди, 20000 сомго билет алып. Албетте таанышы чакыргандан кийин, чөнтөгүндө аз гана тыйыны бар.

Биринчи ай ошол таанышыныкында жашайт, себеби алгач жумуш табыш керек.
Квартира тапса алгачкы айга 40000сом, жылдын акыркы айына дагы 40000 сом депозит төлөш керек, квартиранын ээсине. Ошону менен бирге 40000сом биринчи айга жашаш үчүн төлөйт. Албетте бир дагы мигрант мындай акчаны төлөй албайт. Ошондуктан бир квартирада 20дан ашык мигранттар жашашат.

Регистрацияга коюуга мыйзам боюнча 6 м2 бир кишини каттоого коёт. Үйдүн ээси ашыкча койсо, олчойгон налог төлөшү керек, экинчиден мыйзам жол бербейт. Иштеген жеринен справка алып барса да, каттоого турса да, 2 мигранттын акчасы жетпейт квартирага төлөөгө, алган айлыгы 30-40 миң болсо. Тамак аш кымбат, ата-энесине да акча жөнөтүш керек.

Бир сөз менен айтканда, Садыр иним бир да тиешелүү мамлекеттик мекемелер мигранттар койгон суроолорго алгылыктуу жооп бере албай жатат.

Анда эмне кылыш керек?

Анда Садыр иним, эмгек мигранттардын маселеси өтө орчундуу болгондуктан, бул маселени өз колуңузга албасаңыз болбой калды.

Керек болсо тез аранын ичинде Россиянын президенти урматтуу Путинге барып маселени чечпесеңиз. Элестетип көрсөңүз 1 млн мигранттардын, жок дегенде 700 миңи кайтып келишсе.

Садыр иним, бул маселени кийинкиге калтырууга болбойт 16 күндөн кийин мыйзам күчүнө кирет.  Азыр болгону мелүүн гана "жел" жүрүп жатат, "бороон" боло электе маселени чечиш керек.

Россиянын ар бир шаарында кыргыз мигранты иштейт, азыркы учурда алар "жетим баладай" өз көйгөйү менен өздөрү гана калышты. Эмне кылышаарын билбей жатышат. 1 миллионго жакын мекендештерибиздин тагдыры эмне болот? 

Кечиргиле бизди урматтуу эмгек мигранттары.

Урматым менен, Жылдызкан Джолдошова", - деп жазган экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости