www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камакта жаткан Дүйшөнбек Зилалиев кайрылуу жөнөтүп, ал кайрылуу көптөгөн талкууларга жем таштап койду. Баары эле кызматта болгон кезинде баары ойдогудай, анан эле кызматтан түшүп, креслодо отурган кезде кылган иштери шакмар болуп чыга баштаганда эле сүттөн ак, суудан таза болуп чыга келет жакаңды айла жок кармайсың.
Зилалиевдин жазган кайрылуусу менен төмөндө толук тааныша аласыздар.
«Мен бир жылдан бери кылмыш ишин адилеттүү иликтенүүсүн чыдамдуулук менен күттүм. Алтургай былтыр тогуздун айында Биринчи май райондук сотунун мыйзамсыз өкүмү чыкканда да мен үндөбөй, аппеляциялык инстанцияда адилеттүүлүккө жетишем деп тургам. Бирок мага менин кимдир бирөөгө жолтоо болуп жатканымды, жана бул иш буйрутма экендигин айтышкан болчу. Менин ал убакта үмүтүм бар эле. Бирок Бишкек шаар соту кайрадан токулган иш боюнча айыптоочу чечим чыгарып салды. Эми баары белгилүү болду.
«Бомба» иши жана андан мурунку «салык декларациясы» боюнча иш - мунун баары окшош иштер. Мени «бомба» иши боюнча ишимди жабуудан уялышты, эми алар мени камаганга негиз бар деп эсептешти. Бирок бул андай эмес. «Декларация тууралуу» иштин ойрону чыкканы эми белгилүү болду. Тергөөгө мага бир нерсе таап илгиле деген тапшырма берилген, мени эмне кылып болсо да бул жактан чыгарбоо керек.
Анан да менин туугандарыма жана жакындарыма кысым көрсөтүшүп, коркутушуп, мага каршы көрсөтмө алганга аракет кылып жатышат. Эскертип коёюн, эгерде менин жакындарымдан бир киши жабыркаса, мен аларды жазалоонун жолун эртеби же кечпи табам"- деген Зилалиев.
Булак: NazarNews.kg