www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-февралда борбор калаада КСДП партиясынын катчылыгынын жетекчилиги, айрым мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары И. Карамушкина, А. Кодурановалар маалымат жыйынын өткөрүшүп, эски «обондорун» кайрадан созушту деп жазып чыкты Фейсбуктагы "БеспределKG-КР" тайпасы.
Мисалы, мурдатан эле ооздорунан түшүрбөй келаткан Раим-миллион тууралуу айтышты. Анан дагы президенттин иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу ооздорун болушунча чоюшту. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын артында да анын турганын айтып айыптады. Бир да фактысы жок “катын ушак” таратышты. Мунун өзү эмнени түшүндүрөт? Алар бүгүнкү бийликке тийише турган, сындай турган эч кандай жагдай таба алышпаганын, ошондон улам кайрадан эле мурдагы «обондорун» созуп атышканын билдирет.
Эми бул түшүнбөгөндөргө кайра баштан түшүндүрө кетели. Эгерде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовду сынга ала турган болсок, анда биринчи кезекте аны алты жыл бою бөпөлөп, канатына калкалап, карьералык өсүшүн камсыз кылып берген экс-президент Алмазбек Атамбаевге кине коюу керек. Раим-миллионду бүгүнкү бийликке жармаштырууга эч кандай негиз жок. Тескерисинче, бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков Ошто губернатор болуп турган кезде Матраимовду ал жактан бажы кызматынан кетиргенде АША кайра кызмат ордуна алып барып койгон. Муну коомдук ишмер Азимбек Бекназаров ачык эле айтып жүрөт. Алтургай 400 миң АКШ долларын алышканын да ачыкка чыгарган. Андан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына көтөргөн. Бүгүнкү бийликтин учурунда ал мамлекеттик кызматта иштеген жок.
Ал эми президенттин иниси Асылбек Жээнбеков эч кандай агасынын ишине кийлигишпей, өзүнүн гана депутаттык ишмердүүлүгү менен алек болуп келет. Атамбаев бүтүндөй маалыматтак армиясы менен күнү-түнү иштеп Асылбек Жээнбековго айып таба албай убара. Аны элге жек көрсөтүү үчүн чет өлкөлөрдөн саясий технологдорду жалдап иштетип жатканын да жакшы билебиз. Ал депутаттык кызматта агасы президент болгонго чейин эле отурган.
Ушул эле маалымат жыйынында И. Карамушкина «Көпчүлүк мурдагы мамлекет башчысын ачык колдоп чыгуудан коркуп турушат. Мисалы, Мурадыл Мадеминов дайыма басым болуп жатканын сезип турат. Анын үйүнө УКМКнын кызматкерлери келип атат. Адамдар өзүн коопсуз сезе албай жатат, бизнести тартып алабыз деп жатышат, башкача айтканда бакиевдик ыкмалар колдонулуп атат», - дегенин да уктук.
Маалымат жыйынына катышкандардын баары Атамбаевдин "барымтасында" калган адамдар. Алар АШАны эч качан таштап кете албайт. Анткени баарын финансылык жактан чүлүктөп алган.
Минтип жалпылаштырып жалган айта берүүнүн бүгүнкү күндө зарылчылыгы жок. Эл эми андай жалгандарга ишенбейт. Эгерде кимдир-бирөөгө кысым болуп атса, бизнесин бийлик тартып алып аткан болсо, анда ал коомчулукка ачык билинмек. Андай факты каттала элек. Ал эми көпчүлүктүн Атамбаевди ачык колдобой калышканы, ага карата ишенимдин жоголгонунан кабар берет. Себеби, АША алты жылдык президенттик мөөнөтүндө элибиздин ырыскысына кол салып, мамлекетти жан-жөкөрлөрү менен чогуу каалагандай тоногону билинип калбадыбы.
Булак: NazarNews.kg