www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында коронавируска байланыштуу абал күн санап курчуп жаткандыктан бүгүн шаардык штабдын отурумунда бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Шаардык штабдын чечимине ылайык, 1-майдан тартып мамлекеттик мектептер аралыктан окууга өтөт. Болгону 9-11-класттар гана салттуу режимде окууну улантат.
«Мектеп окуучуларынын арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталып жаткандыктан калган класстар үчүн онлайн режим кайрадан күчүнө кирет. Ал эми жеке менчик мектептерге рейд жүргүзүлүп, окуучулардын санына жараша чечим кабыл алынат», - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, коомдук жайларга болгон текшерүү күчөтүлөт. Тамактануучу, эс алуучу жайлар, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлдөнөт. Алгач санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилет. Андан соң рейд жүргүзүлүп, талаптарды сактабагандарга чектөө кирет.
Булак: NazarNews.kg