www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Май майрамдарына байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин борбор калаада «Ала-Арча» жаратылыш сейил багына чейин жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат.
Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана «Ала-Арча» жаратылыш сейил багында жайгашат.
Жол кире накталай төлөөдө - 50 сом, накталай эмес төлөөдө 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.
Маалыматка ылайык, каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап «ISUZU» автобустары тейлейт. Мындан тышкары, «Ала-Арча» жаратылыш сейил багынын ичинде акысыз негизде эки жаңы электробус каттайт.
Мэрия жол тыгынын болтурбоо үчүн жарандарга жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.