www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
25-апрелде «Toyota Succeed» үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтмөгүндө 2004-жылы туулган М.А. жана И.К. аттуу кыргызстандыктарды сүзүп кеткен.
Кыргызстандын Владивостоктогу элчилигинин канцеляриясы жана ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен байланышта болуп, окуянын чоо-жайын териштирүүдө.
«Россия тарапка окуяны калыс иликтөө жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.