www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул конституциялык Мыйзамдын максаты “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “КР Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана КР президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган: “1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.”

Мындан тышкары, бул конституциялык Мыйзам “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин КР Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Буга байланыштуу конституциялык мыйзамдын 50-берененин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан,” деген сөздөргө алмаштырылган.

Последние новости