www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана «Нур&Ай Компани» ЖЧКсынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн жүрүшүндө Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин директору тарабынан этил спиртин атайын керектөөчү «Нур&Ай компани» ЖЧКнын мыйзамсыз аракеттерине колдоо көрсөтүү фактысы боюнча маалыматтар алынган.
«Нур&Ай Компани» ЖЧКсы 2023-жылы этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланган атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесине киргизилгендиги, ага ылайык аталган компания этил спиртин акциз салыгын төлөбөстөн квота боюнча «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынан сатып ала тургандыгы аныкталган.
Ошентип, Нур&Ай компаниясынын жетекчиси мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директорунун колдоосу менен белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн, сатып алган спирт ичимдиктерин өз багыты боюнча эмес, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жеке жактарына саткан.
Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.