www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 10-февраль күнү Максат ажы Токтомушев УКМК тарабынан камакка алынган. Бирок баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыкканы белгилүү.

Ага карата ажылык сапарга чогултулган каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар болгону жарыяланган. Бул боюнча коомчулукта резонанс жаралган эле.

Атайын кызмат мындай маалымат тараткан: «УКМК тарабынан Кыр гызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке мекемелерге 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшагандыгы аныкталды» деп. «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» дегендей образ жаратканы ушулбу?

Себеби, динде насыя берүүгө, сүткорлукка тыюу салынат эмеспи. Карачы, кандай карама каршылык?! Кызыгы, дал ушул Максат ажыга байланыштуу кылмыш иштин аягы эмне болуп бүттү? Негизи каржылык чыр-чатактар боюнча коомчулукка маалымат берип коюу маанилүү. Муфтияттагыларга, молдолорго өрнөк сабакты көрсөтүү керек да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости