www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11 жашар кыз менен нике кыйып, бүтүн интернет колдонуучуларды кыжырданткан 41 жаштагы малайзиялык имам айып пул төлөп кутулуп кетти. Имамдын бир нече аял алууга уруксаты жок болгондуктан, ал шарият боюнча 900 ринггит (15 147,8 сом) айып пул төлөгөн.
Белгилей кетсек, Малайзияда 11 жаштагы кыз менен 41 жаштагы эркек никелешкен эле. Кыздын ата-энеси жакырчылыктан кыйналгандыктан, кыздарын эрте турмушка беришкен. Алар бир гана күйөө баласынан кыздары 16 жашка толгонго чейин өздөрү менен туруусун суранышкан. Ошондо кыздын атасы эмнеликтен аны 41 жаштагы имамга турмушка бергенин түшүндүргөн эле:
“Мен аны үчүнчү аял кылып алгандан кийин, социалдык тармактарда мага айтылып жаткан сындар менен түрдүү айыптоолор үчүн катуу ачууланып, капа болдум”, - дейт Абдул Карим.
Белгилей кетсек, Каримдин эки аялы, алардан алты баласы бар. Имамга айып пул салуунун бир себеби, анын эки аялы үчүнчү аял алууга уруксат беришкен эмес.
"Медиаплов"