www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрам Илмияновдун иши боюнча сот отуруму жыйынтыкталып, анда чыккан өкүмгө ылайык, үй-мүлкү конфискациялануу менен өзү 7 жылга эркинен ажыратылды! 

Шефи өлкө башкарып турган жылдары Илмиянов айдоочулуктан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарына чейин көтөрүлгөн! Мына ушундай баш айланткан карьерага өлкөбүздө аз гана адам жеткен! Ошол убактарда айтылып жүргөндөргө караганда, “Шумахер” деп аталган бул айдоочу баардык маселелерди чеччү. Бир гана профессор айдоочунун кайсыдыр бир документти оңдоо боюнча эскертүүсүн аткаруудан баш тартканы айтылып жүрөт. Ал профессор “эч качан профессор жазган документти билимсиз айдоочунун оңдошуна жол бербейм”, - деп айтып, мунусу үчүн кызматынан кол жууган экен.

Бирок, ошол эле кезде биздин башка академигибиз айдоочу Илмияновдун колдоосун алуудан уялган эмес. Академик Абдыганы Эркебаев Илмияновдун каржылык колдоосу менен 2014-жылы Тейит уруусунун курултайын өткөрүп, өзү уруу башчысы болуп шайланган. Курултайдын башка делегаттары ким куурчак ойноткуч экенин, ким баардык катышуучуларды жазгырып жатканын билишкен да эмес. Атамбаев үчүн башкысы Илмиянов Тейит уруусунун башына өз адамын – Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаевди койсо эле болду болчу. Аларга мунун эмне кереги бар эле? Санжыраны билгендер үчүн маселе башка жакта жатат, ушул уруудан экс-президент Курманбек Бакиев чыккан. Тейит уруусунун ичинде бөлүнүп-жарылуу кылуу керек эле. Ал эми Эркебаев Бакиевди жаманатты кылууга аракет кылган, себеби, Илмияновдон алган акчасын актоосу жана кызына карата кылмыш ишин токтотуусу керек болчу. Бакиевдер Атамбаевдин тынч уктоосуна жана тынч тамак ичишине тынччылык берген жок, ошондуктан ал мүмкүнчүлүк болгон эле жерде Бакиевге зыян келтирүүгө аракет кылып жүрдү.

Ошентип, 2014-жылы Илмиянов менен Эркебаев ушул курултайды өткөрүштү. Илмиянов мындай иш үчүн өзү туулган Лейлек районунда эки жылкы союп берген.

Эмне үчүн Эркебаев Атамбаев менен Илмияновдун жетеленмесинде калды? Эркебаевдин балдары үчүн! 2013-жылдын апрель айында 3 миң доллар пара алып жаткан жеринен Эркебаевдин кызы, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлайым Эркебаева кармалган. Илмияновдун жардамы жана Абдыганы Эркебаевдин келишимге барышы себептүү 2015-жылы Гүлайым Эркебаева шарттуу түрдө 5 жыл жаза алып кутулган. Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде иштеген, ал да кезинде камалып кетейин деген. Бирок, атасы аны чыгарып алууга бүт күчүн жумшап, жыйынтыгында Азат жумушунан айдалып гана тим болгон. Кытай кызына үйлөнгөн Азат эми Тейит уруусунун өнүгүшүнө өз салымын кошуп жатат, -деп "Азия Ньюс" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости