www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келерки жыл Кыргызстанда Баланын жылы деп жарыяланышы керек. Өлкөдөгү элүүдөн ашуун бейөкмөт уюм президентке ушундай сунуш менен кайрылганы жатат. Бүгүн алар Бишкекте пресс-конференция өткөрүп, кененирээк маалымат беришет.
Бир ай мурда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Балдардын укугун коргоо лигасынын» директору Назгүл Турдубекованы кабыл алып, балдар үйлөрүн жана интернат тибиндеги мекемелердин системасын реформалоо маселесин талкуулаган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны 2 миллион 300 миңдин тегерегинде. Алардын 51% эркек, 49% кыздар. Балдардын 69% айыл жеринде жашайт.
Өлкөдө жакырчылык менен жумушсуздуктан улам мектепке бара албай жүргөн балдардын укугу бузулуп жатканы айтылып келет.
Учурда Кыргызстандагы интернаттарда 11,5 миң бала тарбияланат.
Булак: NazarNews.kg