www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага дайыма кам көргөн ата-энелер мамлекеттик колдоо каражатын 2019-жылдын февраль айынан тарта ала баштайт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Баласы үзгүлтүксүз кам көрүүгө муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар 6 миң ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай айлык алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын баккан башка ата-энелер дагы тиешелүү документтерди топтоп, банктан эсеп ачышы керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомго ноябрдын аягында кол койгон.

Токтомго ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын каржылык жардам катары 4 миң 900 сомду түзөт.

Азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөш үчүн алдын-ала эсептөөгө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 миллион сом талап кылынат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости