www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеӊеш жыйынында «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев: "Кадрлар баарын чечет!" дейт, биздин мамлекеттик органдарда отурган кадрлар өлкөнүн эмес, жалаӊ өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп калды. Алар өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес-аянтчага айландырып алышты. Депутаттар аткаминерлерге калктын кайрылуулары боюнча тапшырмаларды берсе, алардын аткара турган түрү жок,- деп билдирди.

«Президент баардык жарандар мыйзам алдында бирдей, күнөөлүүлөр келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек деп, коррупцияга каршы күрөштү артыкчылыктуу багыт катары жарыялады. Бирок, аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен, пара алып жатышат. Мурдатан келаткан 10 пайыз өндүрмөй өнөкөтү жоголгон жок. Жакында транспорт министринин орун басары 520 миӊ доллар пара менен кармалды. Бул жолдун бир эле участкасынан алынган пара. Алар жол куруудан 1,5 пайыз насыя каражатты өөнөшөт экен. А, бизде канчалаган жолдор курулууда? Демек, алардан миллиондогон доллар каражаттар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатпайбы», - деп кошумчалады депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости